ФАИК ЭЛЕКБЕРЛИНИН «ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ФИЛОСОФИЯСЫ ТАРЫХЫ. БАЙЫРКЫ ДООР» АТТУУ ЭМГЕГИ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНӨ КОШКОН БААЛУУ САЛЫМ


XX–XXI кылымдарда түрк элдеринин тарыхын, маданиятын, мамлекеттүүлүгүн жана руханий мурасын изилдөөдө олуттуу ийгиликтер жаралганы менен, түрк философиясынын тарыхын бирдиктүү концептуалдык система катары кароо маселеси дагы эле жетиштүү деңгээлде чечиле элек багыттардын бири бойдон калууда. Түрк дүйнөсүнүн тарыхый-маданий мурасы көбүнчө этнография, фольклор, тил илими, тарых, археология же дин таануу өңүтүндө изилденип келген. Ал эми бул мурастын артында турган дүйнө таанымдык, онтологиялык, гносеологиялык, этикалык жана социалдык-саясий идеяларды бирдиктүү философиялык система катары талдоо салыштырмалуу жаңы милдет болуп саналат.

Ушул жагдайдан алганда азербайжандык окумуштуу, философия илимдеринин доктору, доцент Фаик Газенфар оглу Элекберлинин “Түрк элдеринин философиясы тарыхы. Байыркы доор” (Türk xalqları fəlsəfəsi tarixi. Qədim dövr. Bakı, “Elm və təhsil”, 2026) аттуу эмгеги өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Китептин башкы багыты – түрк элдеринин исламга чейинки мезгилиндеги философиялык ой жүгүртүүнүн негизги багыттарын, анын өкүлдөрүн жана дүйнө таанымдык негиздерин системалаштыруу.

Эмгекте автор түрк философиясын байыркы грек, индия, кытай, иран жана башка философиялык салттардын көлөкөсүндө гана түшүндүрүүгө болбой тургандыгын белгилеп, түрк элдеринин өз алдынча философиялык ой жүгүртүү салты болгон деген концепцияны негиздөөгө аракет кылат. Автордун пикиринде, түрк философиясы жөн гана кийин пайда болгон диний-философиялык окуулардын курамдык бөлүгү эмес, өзүнүн тарыхый динамикасы, түшүнүктөрү жана баалуулуктары бар интеллектуалдык мурас болуп саналат.

Бул китептин дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – анын предмети бир гана азыркы Түркия менен чектелбейт. «Түрк философиясы» түшүнүгү Түркстанды, Азербайжанды, Анадолуну, Крымды, Татарстанды, Башкыртстанды, Уйгур аймагын, Гагаузияны жана башка түрк элдери жашаган аймактарды камтыган кеңири цивилизациялык мейкиндик катары каралат.

Ошондуктан эмгекти түрк дүйнөсүнүн интеллектуалдык тарыхын кайрадан карап чыгууга багытталган ири илимий аракет катары баалоого болот.

1. Автор жана эмгектин илимий багыты

Фаик Элекберли – Азербайжандын философия илими чөйрөсүндө түрк философиясынын, улуттук идеянын, улуттук аң-сезимдин жана тарыхый-философиялык ойдун маселелерин изилдеп келе жаткан окумуштуу. Китепте берилген маалыматтарга караганда, ал Баку мамлекеттик университетинде философия жана философия тарыхы боюнча билим алган, 2005-жылы Мухаммед Амин Расулзаденин социалдык-саясий жана философиялык идеяларына арналган диссертациясын жактаган жана 2013-жылы доценттик илимий наамга ээ болгон. Ал Азербайжан Улуттук Илимдер академиясынын Философия жана социология институтунда түрк элдеринин философиялык ой тарыхы жана азыркы философия багыты боюнча иш алып барган.

Анын илимий кызыгуулары улуттук идеология, түркчүлүк, азербайжандык, улуттук аң-сезим, улуттук этика, билим берүү философиясы, цивилизация жана түрк философиясынын тарыхы сыяктуу багыттарды камтыйт. Бул жагдай китептин концептуалдык багытын түшүнүү үчүн маанилүү. Анткени автор түрк философиясын тарыхый маалыматтардын жыйындысы катары гана эмес, түрк элдеринин өзүн-өзү таануусунун, тарыхый эс тутумунун жана руханий иденттүүлүгүнүн негизи катары карайт.

Элекберлинин буга чейинки эмгектеринин арасында «Turan Uygarlığına Giriş: Turan Mefkuresi ve Tanrıcılık», «Azərbaycan Türk fəlsəfəsi və ictimai fikir tarixi (XIX–XX. əsrlər)», «Milli ideologiya probleminə tarixi-fəlsəfi baxış» сыяктуу көп томдуу изилдөөлөр бар. Демек, «Түрк элдеринин философиясы тарыхы» китеби автордун көп жылдык изилдөөлөрүнүн логикалык уландысы болуп саналат.

2. Китептин негизги максаты жана концептуалдык өзөгү

Эмгектин борбордук маселеси – «түрк философиясы барбы?» деген суроого тарыхый-философиялык негизде жооп берүү. Автор азыркы философия тарыхында түрк философиясы көп учурда өз алдынча философиялык салт катары жетиштүү деңгээлде таанылбай келгендигин белгилейт. Түрк ойчулдарынын буддизмге, конфуцийчиликке, даосизмге, зороастризмге жана башка философиялык салттарга кошкон салымдары айтылганы менен, алардын өз алдынча философиялык системасы көп учурда өзүнчө каралбай келген деген сын пикирди билдирет.

Ушул маселеге байланыштуу автор «түрк философиясы», «түрк философу», «түрк элдеринин философиясы» деген терминдерди илимий колдонууга киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт.

Бул жерде китептин маанилүү методологиялык жаңылыгы жатат. Автор философияны сөзсүз түрдө классикалык Батыш философиясындагыдай жазма трактаттардын болушу менен гана өлчөөгө каршы позицияны сунуштайт. Байыркы түрк коомдорунда философиялык идеялар эпостордо, уламыштарда, макал-лакаптарда, салттык нормаларда, мамлекеттик башкаруу түшүнүктөрүндө жана диний-мифологиялык символдордо жашаган деген көз караш китептин өзөгүн түзөт. Башкача айтканда, автор үчүн философия – бул сөзсүз түрдө философия деген ат менен жазылган китеп гана эмес; ал адамдын дүйнөгө, коомго, табиятка, Кудайга, мамлекетке жана моралга болгон мамилесинде да көрүнүшү мүмкүн.

3. Түрк философиясын «ой жүгүртүү тарыхынан» философия тарыхына өткөрүү аракети

Китептин эң талаштуу, бирок ошол эле учурда эң кызыктуу маселелеринин бири – «түрк философиясы» менен «түрк ой жүгүртүүсү» түшүнүктөрүнүн ортосундагы мамиле. Автор Хилми Зия Үлкен сыяктуу изилдөөчүлөрдүн түрк тарыхында Батыш философторуна тең келе турган системалуу философтор болгон эмес деген пикирлерин келтирет. Бирок Фаик Элекберли мындай позицияга каршы туруп, түрк философиясын өзүнүн тарыхый жана маданий шарттарынан бөлүп кароого болбой турганын көрсөтүүгө аракет кылат.

Бул жерде автордун аргументи төмөнкүдөй логикага негизделет:

Философия коомдун дүйнө таанымын түшүндүрөт. Байыркы түрк коомдорунда дүйнө тааным болгон. Ал дүйнө таанымда Кудай, адам, табият, коом, мамлекет, адилеттик, өлүм, өмүр, милдет сыяктуу фундаменталдык маселелер каралган. Демек, бул маселелердин айланасында калыптанган идеяларды философиялык жактан изилдөө мүмкүн. Ошондуктан түрк элдеринин байыркы дүйнө таанымы философия тарыхынын предмети болушу керек.

Бул ыкма түрк философиясынын тарыхын изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүк берет.

4. Байыркы түрк философиясынын негизги белгилери

Китепте түрк философиясынын өзгөчөлүгү катары бир нече фундаменталдык принциптер бөлүп көрсөтүлөт.

Биринчиден, адам менен табияттын биримдиги. Түрк дүйнө таанымында адам табияттан бөлүнүп турган субъект катары эмес, табигый дүйнөнүн бир бөлүгү катары түшүндүрүлөт. Табият менен адамдын ортосунда өз ара байланыш бар.

Экинчиден, Кудай – дүйнө – адам мамилеси. Теңирчилик дүйнө таанымында асман, жер, адам жана коом өз ара байланышта каралат.

Үчүнчүдөн, адилеттик жана моралдык жоопкерчилик. Бийликтин мыйзамдуулугу анын күчүнө гана эмес, адилеттикке жана коомдук тартипке байланыштуу.

Төртүнчүдөн, мамлекеттүүлүк идеясы. Китепте Теңирчилик жөн гана диний ишеним эмес, байыркы түрк мамлекеттик аң-сезиминин философиялык негиздеринин бири катары чечмеленет.

Бешинчиден, сөздүн жана акылмандыктын ролу. Байыркы түрк маданиятында акылман сөз, ата сөзү, насаат жана даанышмандык коомдук нормаларды бекемдөөнүн маанилүү каражаты болгон.

Автордун жалпы жыйынтыгында түрк элдеринин философиясы миңдеген жылдар бою калыптанган өз алдынча дүйнө таанымдык система катары мүнөздөлөт. Анын курамында табиятка болгон мамиле, адам түшүнүгү, коомдук жана мамлекеттик түзүлүш, адилеттик жана гуманизм сыяктуу баалуулуктар бириктирилет.

5. Теңирчилик – байыркы түрк дүйнө таанымынын борбордук түшүнүгү

Китепте өзгөчө орун Теңирчиликке берилген. Автор аны байыркы түрк философиясынын эң маанилүү катмарларынын бири катары карайт.

Теңирчилик түшүнүгүндө Көк Теңир адамдын жана коомдун жашоосунун жогорку руханий негизи катары көрүнөт. Бирок автордун интерпретациясында бул түшүнүк диний ишеним менен гана чектелбейт. Ал адам, мамлекет, бийлик жана коомдун ортосундагы мамилелердин философиялык моделин да түзөт.

Айрыкча «кут» түшүнүгүнүн мааниси көңүл бурууга арзыйт. Китепте кут бийликти мыйзамдаштыруучу түбөлүктүү жана автоматтык укук эмес, Кудайдын ырайымы, бакыт жана мамлекеттик башкарууга берилген руханий мүмкүнчүлүк катары чечмеленет. Анын туруктуулугу башкаруучунун адилеттигине жана жакшы сапаттарына байланыштуу деп көрсөтүлөт.

Мындай чечмелөө байыркы түрк мамлекеттик философиясын түшүнүүдө маанилүү. Анткени бийлик жөн гана күч эмес, жоопкерчилик катары каралат.

Ошол себептен Теңирчилик менен мамлекеттүүлүк бири-биринен ажырагыс түшүнүктөр катары берилет.

6. Огуз Ата – байыркы түрк философиялык ойунун символу

Китептин маанилүү бөлүктөрүнүн бири Огуз Атага арналат. Автор Огуз Атаны Теңирчилик окуусунун негизги өкүлү катары көрсөтөт. Анын дүйнө таанымында Кудай–адам, Кудай–табият, адам–табият, Кудай–мамлекет, мамлекет–адам жана мамлекет–үй-бүлө сыяктуу мамилелердин баштапкы философиялык моделдери камтылган деп эсептейт. Огуз Ата образынын өзгөчөлүгү – анын тарыхый инсан менен мифологиялык символдун чек арасында турушу. Автор бул образды жөн гана легендардык каарман катары эмес, түрк элдеринин коллективдүү эс тутумунда философиялык идеяларды алып жүргөн даанышман катары кароого аракет кылат.

Огуз Атага байланыштуу «Огузнаме» салты да маанилүү. Китепте Огуз Кагандын осуяттары, адеп-ахлактык нормалары жана коомдук башкаруу тууралуу ойлору кийинчерээк тöрө жана коомдук норма катары жашап калганы көрсөтүлөт. Бул жерде философия менен салттык укуктун байланышы ачык көрүнөт.

7. Коркут Ата жана «Коркутчулук» феномени

Китептеги дагы бир маанилүү концепция – Коркут Ата жана Коркутчулук. Автор Коркут Ата окуусун Теңирчилик менен исламдын ортосундагы тарыхый-маданий өткөөл мезгилди түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген көрүнүш катары баалайт. Коркут Ата аркылуу байыркы түрк дүйнө таанымы жаңы тарыхый шарттарга ыңгайлашып, өзүнүн негизги руханий өзөгүн сактап калган деген пикир айтылат.

Бул жерде «Коркут китеби» жөн гана эпикалык мурас эмес, философиялык булак катары каралат. Коркутчулуктун өзөгүндө:

  • өмүр жана өлүм;
  • адамдын тагдыры;
  • эрдик;
  • ар-намыс;
  • ата-баба мурасы;
  • коомдук милдет;
  • адилеттик;
  • ынтымак;
  • адамдын өзүн-өзү жеңүүсү
  • сыяктуу маселелер турат.

Ошондуктан «Китаби Деде Коркут» чыгармасын түрк элдеринин философиялык мурасынын маанилүү булагы катары изилдөө зарыл деген ой китептин маанилүү сунуштарынын бири болуп саналат. Автор Коркутчулукту мектеп жана жогорку окуу жайларында окутуунун зарылдыгын да белгилейт.

8. Камдык жана адам–табият мамилеси

Камдык/шаманизм маселеси китептин дагы бир маанилүү катмарын түзөт. Автор шаманчылыкты(Камдыкты) жөн гана диний ырым-жырымдардын системасы катары түшүндүрбөйт. Аны байыркы түрк адамдарынын адам–табият мамилесин түшүндүргөн дүйнө таанымдык система катары кароого аракет кылат. Бул көз караш өзгөчө бүгүнкү күндө актуалдуу.

Азыркы экологиялык кризис, жаратылыш ресурстарынын азайышы жана адам менен табияттын ортосундагы тең салмактын бузулушу адамзаттан табиятка болгон мамилени кайра карап чыгууну талап кылууда.

Байыркы түрк дүйнө таанымында табият жөн гана пайдаланылуучу ресурс эмес, адам жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары кабыл алынган деген идея ушул жагынан маанилүү философиялык ресурс боло алат.

9. Мактардын окуусу жана байыркы философиянын көмүскө катмары

Китептин өзгөчөлүктөрүнүн бири – Мактардын окуусуна атайын көңүл бурулушу. Автор Кам Ата менен Мактардын окуусун түрк-түран цивилизациясынын байыркы руханий-философиялык катмарларынын бири катары көрсөтөт. Бул катмар кийинчерээк калыптанган түрк философиялык дүйнө таанымдарынын айрым элементтерин түшүндүрүүгө жардам берет деп эсептелет. Бул бөлүк өзгөчө кызыктуу, анткени автор түрк философиясын бир гана кеңири белгилүү Теңирчилик менен чектебестен, анын андан да байыркы катмарларын издөөгө аракет кылат.Мындай мамиле түрк философиясынын генезисин изилдөөдө жаңы суроолорду пайда кылат.

10. Түрк окуусу жана Түрк Ата концепциясы

Эмгектеги талаштуу, бирок концептуалдык жактан маанилүү маселелердин бири – Түрк окуусу. Автор «түрк» түшүнүгүнүн байыркы доордогу маанисин кийинчерээк пайда болгон саясий же идеологиялык түшүнүк менен гана чектөөгө болбойт деп эсептейт. Анын пикиринде, байыркы жана орто кылымдарда «түрктүк» өзүнчө философиялык мазмунга ээ болгон. Бул түшүнүк кийинчерээк төрө, мыйзам, коомдук тартип жана мамлекеттик түзүлүш менен байланышкан.

Китепте Түрк Атанын идеяларынын төрөгө жана коомдук-укуктук нормаларга айланышы философиялык процесс катары каралат. Демек, «түрк» түшүнүгү автордун концепциясында этникалык аталыш гана эмес, белгилүү бир этикалык жана коомдук баалуулуктар системасын да билдирет.

11. Зороастризм маселеси: китептин талаштуу багыттарынын бири

Эмгекте зороастризмге өзүнчө орун берилиши да маанилүү. Автор бул маселеге кайрылуунун себебин көп кылымдардан бери уланып келе жаткан талаштар менен байланыштырат. Зороастризмди бир жактуу түрдө жалаң ирандык же тескерисинче жалаң түрк дүйнөсүнө таандык көрүнүш катары кароого каршы илимий талкуу жүргүзүүгө аракет жасалат. Бул жерде этникалык, тилдик, маданий жана диний процесстерди бири-биринен ажыратып кароонун зарылдыгы келип чыгат. Китептин бул бөлүгү келечекте өзгөчө тарыхчылар, дин таануучулар жана философтор тарабынан кеңири талкууланууга татыктуу.

Анткени байыркы Борбордук Азияда ар түрдүү элдердин, маданияттардын жана диндердин өз ара таасири күчтүү болгон. Демек, зороастризм менен түрк дүйнө таанымынын мамилесин изилдөөдө археологиялык, текстологиялык жана салыштырма-тарыхый булактарды комплекстүү пайдалануу зарыл.

12. Манилик(манихейчилик) жана түрк маданий мейкиндиги

Китепте Манилик да байыркы түрк философиясынын тарыхындагы маанилүү көрүнүш катары каралат. Манилик түрк дүйнөсүнүн башка цивилизациялык борборлор менен байланыштарын көрсөтүүчү мисалдардын бири болуп саналат. Автор бул окуунун түрк дүйнөсүнүн Жакынкы Чыгыш жана Жер Ортолук деңиз маданий мейкиндигине чыгышына, ошондой эле айрым түрк коомдорунун отурукташуу процесстерине таасирин тийгизгенин белгилейт.

Айрыкча уйгурлардын Маниликти кабыл алышынын маданий кесепеттери өзүнчө көңүл бурууга арзыйт.

Бул көрүнүш түрк философиясынын тарыхын «жабык», тышкы дүйнөдөн обочолонгон система катары эмес, ар түрдүү цивилизациялар менен диалог жүргүзгөн динамикалык интеллектуалдык процесс катары кароого мүмкүнчүлүк берет.

13. Түрк философиясы жана башка цивилизациялар

Китептин салыштырма-тарыхый мааниси да чоң. Автор түрк философиясын индиялык, ирандык, кытайлык, гректик жана римдик философиялык салттар менен салыштырат. Мында максат – түрк философиясын башка философиялардан толугу менен бөлүп коюу эмес, алардын өз ара таасирин аныктоо. Бул методологиялык жактан туура багыт, анткени байыркы цивилизациялар бири-биринен обочо жашаган эмес.

Соода жолдору, миграция, согуштар, саясий байланыштар жана маданий алмашуулар философиялык идеялардын да таралышына шарт түзгөн.

Ошол эле учурда автор түрк маданияты башка цивилизацияларга таасир берген учурларды да эске алуу зарылдыгын белгилейт. Анын пикиринде, тарыхый байланыштарды бир тараптуу – «түрктөр башкалардан алган» деген гана схема менен түшүндүрүү жетишсиз. Бул принцип тарыхый изилдөөдө өзгөчө маанилүү.

14. Китептин тарыхый эс тутум үчүн мааниси

Эмгектин эң актуалдуу жактарынын бири – тарыхый эс тутум маселеси. Автор түрк элдеринин философиялык мурасын изилдөө аркылуу алардын өзүн-өзү таануусун күчөтүүнү көздөйт. Анын пикиринде, элдин философиялык тарыхын билүү ошол элдин ким экендигин, дүйнөгө болгон мамилесин жана тарыхый өнүгүү логикасын тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт.

Бул идея Кыргызстан үчүн да өзгөчө маанилүү. Кыргыз элинин тарыхый эс тутумунда:

  • «Манас» эпосу;
  • санжыра;
  • «Манас» айтуучулук салты;
  • Теңирчиликке байланышкан түшүнүктөр;
  • ата-баба культу;
  • жер-суу түшүнүгү;
  • улууну сыйлоо;
  • элдик адилеттик түшүнүгү;
  • баатырдык жана намыс;
  • коомдук ынтымак сыяктуу көптөгөн руханий катмарлар бар.

Аларды бир гана фольклордук же этнографиялык объект катары эмес, философиялык дүйнө таанымдын көрүнүштөрү катары да изилдөөгө болот.

15. Кыргыз философиясын изилдөө үчүн эмгектин мааниси

Китептин кыргыз илими үчүн түздөн-түз мааниси абдан чоң. Эмгекте Кыргызстандын окумуштууларынын изилдөөлөрүнө да кеңири орун берилгендиги белгиленет. Автор Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Татарстан, Башкыртстан, Якутия, Чувашия жана башка аймактардагы эмгектерди пайдаланган. Ошондой эле Франция, Германия, Улуу Британия, АКШ, Россия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр да эске алынган. Бул комплекстүү мамиле Кыргызстандагы түркологиялык изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзө алат.

Айрыкча «Манас» эпосунун философиясы, кыргыздардын байыркы дүйнө таанымы, Теңирчилик жана кыргыздардын салттуу маданияты, санжыранын философиялык мазмуну, кыргыз коомундагы адилеттик түшүнүгү, баатырдык этика, жаратылыш менен адамдын байланышы сыяктуу темаларды жаңы методологиялык негизде изилдөө мүмкүн.

Мисалы, «Манас» эпосун Коркут Ата жана Огузнаме салттары менен салыштырып изилдөө түрк элдеринин эпикалык философиясынын жалпы жана өзгөчө белгилерин аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

16. Түрк философиясы жана мамлекеттүүлүк идеясы

Китептин дагы бир өзөктүк багыты – философия менен мамлекеттүүлүктүн байланышы. Автордун концепциясында байыркы түрк философиясы жеке адамдын дүйнө таанымы менен гана чектелбейт. Ал коомду уюштуруу, мамлекет түзүү жана коомдук тартипти сактоо маселелери менен түздөн-түз байланышта.

Теңирчилик – мамлекеттик бийликти түшүндүрүүдө;

Түрк окуусу – төрөнү жана коомдук тартипти түшүндүрүүдө;

Коркутчулук – моралдык жана социалдык мамилелерди түшүндүрүүдө;

Камдык – адам менен табияттын байланышын түшүндүрүүдө маанилүү роль ойнойт.

Демек, автордун негизги тезистеринин бири – дүйнө тааным бара-бара коомдук нормага, коомдук норма болсо мамлекеттик түзүлүшкө айланган деген ой.

Бул жагынан алганда философия тарыхы менен мамлекеттүүлүк тарыхын өзүнчө кароого болбойт.

17. Түрк биримдиги жана философиялык негиз

Китептин азыркы учур менен түздөн-түз байланышкан бөлүгү – түрк элдеринин биримдиги маселеси. Автор түрк биримдиги саясий же экономикалык гана түшүнүк болбошу керек деген позицияны карманат. Анын негизинде жалпы тарых, маданият, тил жана философиялык мурас турушу зарыл деп эсептейт.

Китепте түрк элдеринин философиясын терең изилдөө түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын жана Түрк мамлекеттер уюмунун өнүгүүсүн түшүнүү үчүн маанилүү экени айтылат.

Бул жерде автордун негизги идеясы – руханий жакындашуусуз саясий жакындашуу толук болбойт деген тезис. Мындай көз караш түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстерди философиялык жактан изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

18. Эмгектин илимий жаңылыгы

Китептин илимий жаңылыгын бир нече багытта белгилөөгө болот.

Биринчиден, түрк элдеринин байыркы философиясы өзүнчө системалуу изилдөөнүн объектиси катары коюлган.

Экинчиден, Теңирчилик, Коркутчулук, Камдык, Мактардын окуусу, Түрк окуусу, Хызырчылык жана Манилик сыяктуу көрүнүштөр бирдиктүү тарыхый-философиялык контекстте каралган.

Үчүнчүдөн, түрк философиясы диний ишенимдердин жыйындысы гана эмес, социалдык, этикалык жана саясий ойдун булагы катары чечмеленген.

Төртүнчүдөн, түрк философиясынын тарыхы ар түрдүү түрк элдеринин жалпы интеллектуалдык мурасы катары каралган.

Бешинчиден, түрк философиясынын дүйнөлүк философиянын тарыхындагы орду жөнүндө маселени кайрадан коюу аракети жасалган.

Автор өзү бул эмгекти түрк философиясынын тарыхын, айрыкча байыркы мезгилди системалуу изилдөөгө багытталган кадам катары баалайт. Изилдөөдө түрк дүйнөсүндөгү көптөгөн мамлекеттердин эмгектери менен катар дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү илимий изилдөөлөр да пайдаланылганы көрсөтүлөт.

19. Методологиялык өзгөчөлүктөрү

Китептин методологиялык базасында бир нече ыкма айкалышат.

Тарыхый-салыштырма метод – түрк философиясын башка цивилизациялар менен салыштыруу үчүн колдонулат.

Философиялык-герменевтикалык ыкма – эпосторду, уламыштарды, даанышмандык сөздөрдү жана диний түшүнүктөрдү философиялык мааниде чечмелөөгө мүмкүндүк берет.

Маданият таануу ыкмасы – философияны маданияттын башка формалары менен байланышта карайт.

Тарыхый-генетикалык ыкма – философиялык идеялардын пайда болушун жана өнүгүшүн изилдейт.

Салыштырма цивилизациялык ыкма – түрк, иран, индия, кытай, грек жана башка маданий системалардын өз ара байланышын ачууга багытталат.

Ушул ыкмалардын айкалышы эмгектин кеңири масштабын камсыз кылган.

20. Китептин күчтүү жактары

Эмгектин биринчи чоң артыкчылыгы – маселенин кеңдиги. Автор бир гана белгилүү философтордун биографиясын баяндабастан, бүтүндөй цивилизациялык дүйнө таанымды изилдөөгө аракет кылган.

Экинчи артыкчылыгы – түрк дүйнөсүн бирдиктүү илимий мейкиндик катары кароо.

Үчүнчү артыкчылыгы – философия менен тарыхты, маданиятты, мамлекеттүүлүктү жана этиканы бириктирүү.

Төртүнчү артыкчылыгы – эпикалык мурастарга философиялык булак катары кайрылуу.

Бешинчи артыкчылыгы – түрк философиясынын дүйнөлүк философия тарыхындагы ордун кайра кароо маселесин коюшу.

Алтынчы артыкчылыгы – жаңы изилдөөлөр үчүн кеңири проблемалык талаа ачышы.

21. Эмгектин айрым талаштуу маселелери

Ошол эле учурда илимий эмгек катары китептин айрым жоболору кеңири академиялык талкууну талап кылат. Айрыкча байыркы тарыхтагы айрым инсандардын конкреттүү тарыхый статусу, алардын философ катары аныкталышы, айрым диний окуулардын түрк дүйнөсүнө таандыктыгы сыяктуу маселелер кошумча булактар аркылуу текшерүүнү талап кылат.

Мисалы, Огуз Ата, Түрк Ата, Кам(шаман) Ата сыяктуу фигуралардын тарыхый жана мифологиялык катмарларын бири-биринен так ажыратуу өзүнчө изилдөөнүн предмети боло алат.

Ошондой эле зороастризмдин түрк элдеринин тарыхындагы орду боюнча автордун айрым пикирлери археологиялык, текстологиялык жана тарыхый булактардын кеңири корпусу менен салыштырылып каралууга тийиш.

Бул сын-пикирлер китептин маанисин төмөндөтпөйт. Тескерисинче, анын жаңы суроолорду жаратканы эмгектин илимий баалуулугунун көрсөткүчү.

22. Китептин түркологиядагы келечектеги мааниси

Эмгек түркология үчүн бир нече жаңы изилдөө багыттарын сунуштайт. Биринчиден, «Түрк философиясынын тарыхы» боюнча көп томдуу фундаменталдык эмгек түзүү зарылдыгы келип чыгат.

Экинчиден, түрк элдеринин ар биринин философиялык мурасын өзүнчө изилдеп, кийин жалпы түрк философиясынын контекстинде салыштыруу зарыл.

Үчүнчүдөн, эпосторду философиялык булак катары комплекстүү изилдөө керек.

Төртүнчүдөн, түрк философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн – кут, төрө, Теңир, эрдик, намыс, адилеттик, биримдик, эл, жер, ата-баба сыяктуу категориялардын тарыхый семантикасын ачуу маанилүү.

Бешинчиден, кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, татар, башкырт, азербайжан жана түрк элдеринин философиялык түшүнүктөрүн салыштыруу жалпы түрк интеллектуалдык тарыхын тереңдетет.

23. Кыргыз илими үчүн практикалык мааниси

Кыргызстанда бул эмгектин негизинде бир катар илимий жана окуу долбоорлорун ишке ашырууга болот. Мисалы: «Кыргыздардын байыркы дүйнө таанымы», «Манас эпосунун философиясы», «Кыргыздардын Теңирчилик түшүнүгү», «Төрө жана адилеттик: байыркы түрк жана кыргыз коомунда», «Коркут Ата жана Манас: түрк эпикалык философиясынын параллелдери», «Түрк элдеринин философиясында адам жана табият», «Түрк философиясында мамлекет жана башкаруу» сыяктуу багыттарда атайын изилдөөлөрдү жүргүзүүгө болот. Мындай иштер кыргыз философиясынын тарыхын жалпы түрк философиясынын контекстинде изилдөөгө өбөлгө түзмөк.

Корутунду

Фаик Элекберлинин “Түрк элдеринин философиясы тарыхы. Байыркы доор” эмгеги – түрк элдеринин байыркы философиялык дүйнө таанымын системалаштырууга багытталган көлөмдүү жана концептуалдык жактан маанилүү изилдөө. Китептин негизги идеясы – түрк элдеринин философиялык мурасын башка цивилизациялардын философиялык системаларынын кошумча бөлүгү катары гана эмес, өзүнүн тарыхый логикасы, дүйнө таанымы, этикалык баалуулуктары жана коомдук-саясий түшүнүктөрү бар өз алдынча интеллектуалдык көрүнүш катары изилдөө.

Эмгекте Теңирчилик, Огуз Ата, Коркут Ата, Камдык, Мактардын окуусу, Түрк окуусу, Хызырчылык, Зороастризм жана Манилик сыяктуу багыттар бирдиктүү тарыхый-философиялык мейкиндикте каралат. Автордун интерпретациясында бул түшүнүктөрдүн ар бири түрк элдеринин дүйнөнү түшүнүүсүнүн белгилүү бир катмарын чагылдырат.

Өзгөчө маанилүү жыйынтык – түрк философиясынын өзөгүн Кудай, адам, табият, коом жана мамлекеттин өз ара байланышы, ошондой эле адилеттик, моралдык жоопкерчилик, коомдук ынтымак жана мамлекеттүүлүк сыяктуу баалуулуктар түзөт деген концепция.

Автор түрк философиясынын тарыхын изилдөөнү өткөндү гана таанып-билүүнүн каражаты эмес, азыркы түрк элдеринин өзүн-өзү аңдоосун бекемдөөнүн жана келечекти куруунун интеллектуалдык негизи катары карайт. Эмгектин өзүндө түрк философиясын дүйнөлүк философиянын тарыхында таанытуу жана түрк биримдигинин философиялык негиздерин ачуу анын негизги максаттарынын бири катары көрсөтүлөт.

Китептин бул багыты азыркы мезгилде өзгөчө актуалдуу. Анткени глобалдашуу шартында элдин тарыхын, маданиятын жана руханий мурасын билүү улуттук иденттүүлүктүн маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.

Кыргызстан үчүн да эмгектин мааниси чоң. Ал кыргыздардын философиялык мурасын жалпы түрк дүйнөсүнүн тарыхый-философиялык контекстинде кароого кеңири мүмкүнчүлүк берет. Айрыкча «Манас» эпосунун философиясы, кыргыздардын байыркы дүйнө таанымы, Теңирчилик, ата-баба салты, табият жана адамдын байланышы, адилеттик жана мамлекеттүүлүк идеялары өзүнчө изилдөөгө татыктуу багыттар болуп саналат.

Жыйынтыктап айтканда, Фаик Элекберлинин эмгегин түрк элдеринин руханий-интеллектуалдык тарыхын кайра системалаштырууга жасалган олуттуу кадам катары баалоого болот. Китептин башкы баалуулугу даяр жооптордун санында эмес, түрк философиясынын тарыхын кайрадан суроо катары коюп, жаңы изилдөөлөр үчүн кеңири илимий мейкиндик ачкандыгында.

Бул эмгек түркология, философия тарыхы, тарыхый эс тутум, маданият таануу, дин таануу жана улуттук иденттүүлүк маселелерин изилдеген адистер үчүн маанилүү булак болуп бере алат. Ал эми кыргыз илими үчүн китеп жалпы түрк философиясынын контекстинде кыргыз философиялык ой тарыхын системалуу изилдөөнүн методологиялык өбөлгөлөрүнүн бири катары кызмат кыла алат.

Пайдаланылган негизги булак:

Элекберли Ф.Г. Түрк элдеринин философиясы тарыхы. Байыркы доор. Баку, “Илим жана билим берүү”, 2026 (Ələkbərli F.Q.Türk xalqları fəlsəfəsi tarixi. Qədim dövr. Bakı, “Elm və təhsil”, 2026) Элекберли Ф.Г. Туран цивилизациясына киришүү: Туран идеологиясы жана Теңирчилик. Баку, Илим жана билим берүү, 2021 (Ələkbərli F. Turan sivilizasiyasına giriş: Turan məfkurəsi və Tanrıçılıq. Bakı, Elm və təhsil, 2021) Элекберли Ф.Г. Tуран цивилизациясына киришүү: Туран идеологиясы жана Теңирчилик. Стамбул, Чинаралтынын басылмалары, 2025 (Elekberli F. Turan Uyğarlığına giriş: Turan Mefkuresi ve Tanrıcılık. İstanbul, Çinaraltı yayınları, 2025) Элекберли Ф.Г. Азербайжан Tүрк философиясы жана коомдук ой жүгүртүүсүнүн тарыхы (XIX-XX кылымдар). Үч томдо. Баку, “Илим жана билим берүү”, 2023-2024 (Ələkbərli F.Q. Azərbaycan Türk fəlsəfi və ictimai fikir tarixi (XIX-XX əsrlər). Üç cilddə. Bakı, “Elm və təhsil”, 2023-2024) Элекберли Ф.Г. Азербайжан Tүрк философиясы жана коомдук ой жүгүртүүсүнүн тарыхы (XIX-XX кылымдар). I том. Анкара, Астананын басылмалары, 2021 (Azerbaycan Türk Felsefesi ve İçtimai Fikir Tarihi (XIX-XX. Yüzyıllar). I Cilt. Ankara, Astana yayınları, 2021) Элекберли Ф.Г. Улуттук идеология маселесине тарыхый-философиялык көз караш”. Үч томдо. Баку, “Илим жана билим берүү”, 2025-2026 (Ələkbərli F.Q. Milli ideologiya probleminə tarixi-fəlsəfi baxış”. Üç cilddə. Bakı, “Elm və təhsil”, 2025-2026)

Жеңишбек Аматысак уулу Дүйшеев. Тарых илимдеринин кандидаты, PhD К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университеттин философия кафедрасынын профессору. Манас, Кыргызстан.


MANŞET XƏBƏRLƏRİ